Дастан Бекешев: “Айдоочулук күбөлүктү автомектепти окуп бүткөндөр гана ала тургандай кылабыз”

“Айдоочулук күбөлүктү автомектептерди окуп бүткөндөр гана ала тургандай кылуу демилгесин көтөрүп жатабыз”,- деп билдирди депутат Дастан Бекешев бүгүн, 18-февралда ЖКдагы парламенттик угууда. Айтымында, алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп алып унаа айдап жүргөндөргө айып пулду 9 миң сомго көтөрүү сунушталууда. “Ошондой эле автоунаалар боюнча электрондук маалымат базасын түзүү. Мындай база азыр деле бар, бирок ал Мамлекеттик каттоо кызматына гана жеткиликтүү. Аны менен Салык кызматы жана башка тийиштүү органдар тааныш болушу керек”,- деди Бекешев.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеште жол кырсыктарынын санын азайтууга багытталган мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан