“Кыргызстанда жол кырсыктарынан 1 жылда 1300 адам каза болсо, 10 жылда 13 миң жаран көз жумууда”,- деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев бүгүн, 18-февралда ЖКда өтүп жаткан парламенттик угууда. Айтымында, 10 жылда өлкөдө дээрлик бир шаардын калкы жол кырсыгынан өлүүдө.
“Кыргызстанда 1 миллиондой адамдын айдоочулук күбөлүгү болсо, бир жылда 685 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталат. Бул айдоочулардын 70 пайызы жолдо жүрүү эрежесин сактабайт дегендик. Жылына өлкөдө 3-5 миң адам жол кырсыгынан улам майып болот, аларга мамлекет өмүр бою пенсия төлөп берүүгө мажбур болууда. Жөлөк пул, карылардын пенсиясын төлөөгө акча таппай жатканда бул нерсе кошумча түйшүк жаратууда. Бюджетке сокку болууда”,- деди Иманалиев.