Жол кырсыктарын азайтуунун 3 багытын атады депутат Каныбек Иманалиев

Парламентте бүгүн, 18-февралда жол кырсыктарынын санын азайтуу маселеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев автокырсыктарды азайтуунун негизги 3 багытын атады.

“Биринчиси  айдоочулук күбөлүктү сатып алууну токтотуу. Бүгүнкү күндө 200 доллардан сатылып жатканы белгилүү. Ал тургай Ак үйдөн алыс эмес жерде эле сатылып жатат. Экинчиси – тармактагы түзүмдү өзгөртүү. Азыр облус, райондогу МАИ кызматкерлерин Жол-кайгуул кызматы кызматка дайындай албайт же иштен ала албайт. ОИИББ же РИИБ чечет. Муну ИИМге өткөрүп берүү керек. Үчүнчүсү – айып пулдарды көтөрүү. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунда айып пулдун аз болуп калганы айтылууда. Муну көтөрсөк болот”,- деди Иманалиев.

Айта кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда мас абалында адам өмүрүнө зыян келтирген айдоочуларга айып пулду 9 миң сомго чейин көтөрүү жагы каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан