Ош облусунун Алай районунда жергиликтүү мергенчилер тарабынан 3 карышкыр атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Алай районунун администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Үч-Дөбө айылынын мергенчилери 2 карышкыр, Корул айылынын мергенчилери 1 карышкыр атышкан.
Жыл башынан бери Алай районунда 9 карышкыр мергенчилер тарабынан өлтүрүлдү.