“Билим берүү министрлиги автомектептерди, Экономика министрлиги автоунааларды техникалык кароо жагын тейлейт. Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун, Транспорт жана коммуникация министрлиги жолдорду, Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааларды каттоо жагын карайт. Автокырсыктардын санын азайтуу менен биргеликте күрөшүүсү керек”,- деди Дыйканов.