Бишкек шаарында көчөлөргө туура эмес токтотулган
автоунааларды эвакуатор менен алып кетүүгө мыйзам жол бербей жатат. Муну бүгүн,
18-февралда ЖКда өтүп жаткан парламенттик угууда шаардын вице-мэри Төрөбек
Имашов билдирди. Айтымында, шаардагы автоунаалардын саны 320 миңге жетти.
“Мен
эки сунуш айтам: туура эмес токтотулган унааларды сүйрөтүп кетүүгө жол ачып берүү
жана шаарда көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү”,- деди Имашов. Бишкек шаарында калктын саны 1 миллион 300 миңге
жеткенин да кошумчалады вице-мэр.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеште жол кырсыктарынын
санын азайтуу, айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү маселеси боюнча парламенттик
угуу өтүп жатат.