Бишкекте быйыл жүргүнчү ташыган кичи автобустардын саны кыскарышы мүмкүн

Бишкекте быйыл жүргүнчү ташыган кичи автобустардын саны кыскарышы мүмкүн. Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңеште жол кырсыктарын азайтуу маселеси боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда шаардын вице-мэри Төрөбек Имашов 2014-жылы борбор шаарга 100 троллейбус, Мерседес үлгүсүндөгү автобустар алынып келерин айтты. “Көчөдө унаа тыгындарын азайтуу үчүн ушундай аракет жүрүп жатат”,- деди вице-мэр.

Имашов Бишкекте 1374 чакырым жол бар экенин, анын 350 чакырымына асфальт төшөлгөнүн билдирди. Асфальт төшөлгөн жолдун 70 пайызы оңдоого муктаж.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан