Түркиядагы жаш ишкерлерден түзүлгөн "Кыргызстан" достук жана маданият коому тарабынан жарыкка чыгып келген “Бүчүр” балдар журналынын 2-саны даярдалууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-февралда аталган коомдун мүчөсү Данияр Аматов билдирди.
Анын айтымында, бул журналдын алгачкы саны өткөн жылдын июль айында чет өлкөдө жүргөн жаш балдар эне тилин унутуп калбаш үчүн чыгарылган. Журналда балдарга арналган табышмактар, жомоктор, ырлар, кызыктуу окуялар жана пайдалуу кеңештер бар. “Журнал ар 3 айда бир жарыкка чыгат. Учурда кезектеги санын чыгаруу аракеттери жүрүп жатат” деп кошумчалайт Данияр мырза.
Айта кетсек, аталган коомдун мүчөсү, балдар кардиологу Данияр Аматов акыркы 6 жылдан бери Стамбул шаарында окуп келет.