Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев мас
абалында кармалган айдоочулардын жазасын кескин күчөтүү керек. Бүгүн,
18-февралда өтүп жаткан парламенттик угууда:
“Орусияда мас айдоочуларга салынчу
айып пул 500 миң доллар, минип жүргөн унаасынан кымбат. Казакстанда 10 миң
доллар. Адам өмүрүнөн кымбат эмне бар? 2009-жылы айып пулдарды көтөрүү
демилгеси көтөрүлгөндө “акчанын баары МАИ кызматкеринин чөнтөгүнө түшөт” деп
каршы чыктым эле. Бирок таасири болду. Азыр айдоочулук күбөлүктү жигиттер кыздарына
белек кылышууда. Тармакты коррупция каптап бүттү”,- деди депутат.
Молдобаев 2013-жылы Кыргызстанда 17 миң айдоочу
мас абалында кармалганын кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн жол кырсыктарын азайтуу маселеси
боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.