Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Ош облусундагы соттордун жыйындар залдарынын абалын, жарандардын сот акыйкаттыгына катышуу мүмкүнчүлүгүн текшерүү максатында өтөт.
Көчмө жыйынга Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Урмат Кожомбердиев катышат.