16-февралда Москвадагы "Кыргызстан" соода-көргөзмө борборунда белгилүү композитор Рыспай Абдыкадыровдун урматына кыргыз диаспораларынын арасында "Рыспайдын ырларын ырдайбыз!" аттуу сынак болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.
Сынакта 15 катышуучу күч сынашып, алардын үчөө: Асилбек Одонов, Улан Нурдинов, Талант Жумабаев финалга чыгышты. Үчилтикке илингендерге уюштуруучулар жана демөөрчүлөр тарабынан белектер жана грамоталар тапшырылды.