Депутат Х.Коркмазовдун баласы 4 жолу МАИчилерге кармалып, унаасы айып аянтчасына токтотулганы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун баласы 4 жолу МАИ кызматкерлерине кармалып, унаасы айып аянтчасына токтотулду. Муну бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев айтты. Ал депутаттарды жеке таарынычтарын парламентке алып чыкпоого чакырды.

“Уулун 4 жолу кармап, унаасын айып аянтчасына койдук эле, Коркмазов парламентте Жол-кайгуул кызматына байланыштуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. МАИчилерге тоскоол болгон башка депутаттар да бар. Жеке таарынычыңарды парламентке алып чыкпасаңар”,- деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан