Бүгүн, 18-февралда саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканасында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр оорукананын кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Түштөн кийин жергиликтүү жарандар менен жолугушуулар пландалууда.
Эскерте кетсек, Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада Боомдогу кылмышка шектүү Заур Магомедов дарыланган.