Каныбек Иманалиев: “Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына келе турган адам мурунку жетекчиден күчтүү болот”

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына 16 талапкер ат салышууда. Муну бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Парламенттик угууда айрым катышуучулар партиялык квоталар боюнча мекемелерге адистиги башка кадрларды дайындоо туура эмес экенин айтышты. Буга депутат: “Парламенттик башкарууну кыргыз эли тандап алган, азыркы багытыбызда тоскоолдуктар болгону менен, максаты түз. Партиялык атаандаштык жүрүп жатат. Мисалы, каржы министрин дайындоодо партиядагы резервибиз толук эмес экенин билдик. Анан “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү болбосо деле Ольга Лаврованы аталган министрликтин жетекчилигине сунуштадык. Бара-бара партиялардын тизмеси тазаланат. Мамлекеттик каттоо кызматына 16 талапкер катышууда, кимиси өтөрүн билбейбиз. Бирок жаңы дайындалган жетекчи мурунку жетекчиден күчтүү болот, буга ишенем”,- деп жооп берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан