“Жол эрежесин бузган 012 KG деген номурлуу министрликке тиешелүү унаа бар, бүгүн Жогорку Кеңешке кирип келе жатып көрдүм аны. 0036 KG номурлуу унаанын жол эрежесин бузгандыгы видеокамераларга тартылып калган. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин унаасы жол чырактагы кызыл жарыкка токтобой өтүп кеткени тартылган. Маданият министри башкаларга үлгү болушу керек да. Булардын баарына чара көрүүнү сунуштайм”,- деди Баратов. Анын активдүүлүгүнө депутаттар ыраазычылык билдиришти.