“Кыргызстанда KG, MVD
деген эн белгиси бар автоунаа номурларын жоюш керек”,- деп билдирди бүгүн,
18-февралда Жогорку Кеңеште өткөн парламенттик угууда Жол-кайгуул кызматынын
башчысы Талантбек Исаев. Айтымында, көчөдө бардык айдоочулардын жоопкерчилиги
бирдей болушу зарыл. Буга чейин бул сунушту депутат Дастан Бекешев да айткан
эле. Депутат
“Көчөдө VIP номурлуу унаалар эреже бузса, МАИ кызматкерлери
токтотпойт. Анткени кызматтан айрылып калышынан коркушат. Мындай номурларды жок
кылуу керек” деген.