Коррупция менен күрөшүүгө мамлекеттик органдар олуттуу көңүл бурбай жатышат. Мындай пикирди 17-февралда парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Анарбек Калматов билдирди. Айтымында, Ички иштер министрлигиндеги мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу керек. Айта кетсек, комитет жыйынында Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча өкмөттүн алдындагы Коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу кеңешинин ведомстволор аралык комиссиясынын отчёту угулду.
Комитет мүчөлөрү ИИМдин каржылык мыйзам бузуулары боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угуу зарылдыгын айтышты. Маселени кароо кийинки аптада улантылмай болду.