Депутаттар мектептерге жана жогорку окуу жайларына жол эрежелерин окутуу боюнча сабак киргизүүнү сунушташты

Жогорку Кеңеште бүгүн, 18-февралда жол кырсыктарын азайтуу боюнча парламенттик угуу өттү. Анда депутат Мирлан Бакиров мектептерге жана жогорку окуу жайларына жол эрежесин үйрөтүү боюнча сабактарды киргизүү керектигин сунуштады. Депутат жол кырсыгына жаштар көп кабылып жатканын белгилеп: “Азыр жаштар мектепке жана университетке автоунаалар менен барышууда. Жол-кайгуул кызматы окуу программасына жол эрежесин үйрөтүү боюнча предмет киргизүүнү сунуштадыбы?”- деп суроо салды.

Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев мындай сунуш айтылганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан