№3-түзөтүү абагында отурган адам ачкачылык жарыялады. Ал 12 жылга эркинен ажыратылгандыктан, соттун өкүмүн кайра карап чыгууну суранууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бүгүн, 18-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 32 жаштагы Сатыбалдиев 14-февралда аталган мекеменин жетекчилигине ачкачылык жарыялай тургандыгы жөнүндө кат жазган.