Эртең Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы бүгүн, 18-февралда билдирди.
Трансформаторлордогу оңдоо иштерине байланыштуу 19-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Москва районуна караштуу Александровка айылында жана Бишкек шаарындагы булгаары заводунун айланасында электр жарыгы өчүрүлөт.