Украинада митингчилер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосундагы чатак уланууда. Киевдин так ортосундагы Шелковичной көчөсүндө нааразы тарап жолду бөгөп турган 2 КамАЗды өрттөп жиберишти. Маалыматтарга таянсак, көчөнү кара түтүн каптады. Митингчилер укук коргоо кызматкерлерин көздөй таш ыргытышууда.