Жаштар парламентинин депутаттары Жогорку Кеңештин депутаттарына ар бир айыл өкмөттөрүндө жаштар менен иштөө адистигине штат ачып берүү боюнча өздөрү иштеп чыккан мыйзам долбоорун карап, кабыл алууну сунуштамакчы. Бул тууралуу Жаштар парламентинин депутаты Канатбек Калдаралиев бүгүн, 18-февралда билдирди.
Айтымында, жаштар менен иштөө адиси айыл жергесиндеги жаштарга чет жерге чыгуу, бизнеске аралашуу жана башка ар тараптуу маселелер боюнча маалымат берет. “Биз деле депутат статусуна ээ болгонубуз менен, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан гана кабыл алынат. Ошол себептен биз Жогорку Кеңешке ушундай штатты ачуу боюнча мыйзамды кабыл алууну сунуштайбыз”,- дейт Канатбек Калдаралиев.
Белгилей кетсек, Жаштар парламенти - 2013-жылы ЮСАИД, Демократияны колдоо борбору жана Эл аралык республикалык институту тарабынан каржыланган долбоор. Ал өзүнүн 1,5 жылдык мөөнөтү ичинде 6 сессияны өткөрүп, ар бир сессия сайын бирден маселени талкуулоо менен аны чечүүнү пландаштырат. Парламентте Кыргызстандын бардык аймактарынын активисттеринен турган 40 депутат бар.