Ош. Мэр Айтмамат Кадырбаев Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындарын кабыл алды

Бүгүн, 18-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындарын кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда, «Дайынсыздар» коому өз көйгөйлөрүн айтышып, коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдө жана ысык суу, муздак суу, жылуулук маселеси көйгөй болуп жатканын билдиришти.

Мындан сырткары Ош шаарынын тургундары кандуу окуяда дайынсыз жоголгондордун балдары ден соолуктарынан жабыркап келгенин айтышты. Аларга учурунда жардам берип, лагерлерге жиберүүнү өтүнүштү. Өз кезегинде Айтмамат Кадырбаев жылуулук боюнча маселени жеңилдетүү үчүн келерки жылдын бюджетине киргизерин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан