Жаштар парламентинин көмөгү менен Жалал-Абад шаарында пенсия курагына келген кызматкерлер Эмгек кодексинде айтылбаган болсо деле, өз каалоолору менен жаш муундарга кызмат орундарын бошотуп берүү резолюциясын кабыл алышты. Бул тууралуу аталган парламенттин депутаты Канатбек Калдарбеков бүгүн, 18-февралда маалымдады. “Өлкөдөгү жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кызматка орношуусу боюнча маселелерди чечүү Жаштар парламентинин планында бар. Буга байланыштуу өлкө аймагында коомдук угууларды жүргүзүп, иштеп жатабыз”,- дейт К.Калдарбеков. Ошондой эле мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү системиндеги маселелерди жөнгө салуу боюнча да пландар түзүлүп жатканын кошумчалады ал.
Маалыматка ылайык, Жаштар парламентинин максаты – карапайым калк, айыл жергесиндеги жаштар менен Жогорку Кеңештин ортосуна көпүрө түзүү.