Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун прокурору Артисбек Кыдыралиев 17-февралда Башкы прокуратуранын коллегиялык жыйынында уктап калганы үчүн иштен айдалды. Муну бүгүн, 18-февралда өздүк булактарга таянып 24 kg жарыялады. Коллегиялык жыйында башкы прокурор Аида Салянова өзүнүн биринчи орун басарын баяндама жасап жаткан жеринен токтотуп, залдагылардын ичинен бирөөнүн ордунан турушун талап кылган. Ордунан турган адамга: “Фамилияңыз ким? Азыр залдан чыгып кетиңиз! Эртең кабылдамага келиңиз, сүйлөшөбүз”,- дейт Салянова. Ал аткаминер Базар-Коргон районунун прокурору экенин айтып, залдан чыгып кеткен. Бүгүн белгилүү болгондой, Артисбек Кыдыралиев жыйын маалында залда уктап кеткен. “Сүйлөшүүдө ал өзүн начар сезгендиктен, көзү илинип кеткенин айткан. Бирок Аида Салянова аны иштен алуу тууралуу буйрук чыгарды”,- деп билдирет булак.