Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн, 18-февралда “Ансамбль Мурас” коомдук фондунун башкы директору Актан Исабаевдин кайрылуусун карады. Исабаев кайрылуусунда алгачкы жолу кыргыз тилинде балдарга арналып даярдалган “Макалдат” макал-лакаптар жыйнагын басып чыгууга акчалай жардам көрсөтүүнү суранган.
“Биз акчалай пайда табуу максатын көздөбөйбүз. Бардык китептер мектеп окуучуларына бекер таратылат”,- дейт Исабаев. Комитет мүчөлөрүнө китептин үлгүлөрү сунушталып, жактырылды. Депутат Наталья Никитенко жыйнакты басып чыгарууга жардамдашуу кыргыз тилин колдоого багытталган дагы бир кадам экенин айтты.
Комитет Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 200 миң сом материалдык жардам көрсөтүү сунушу менен кат жөнөтүү чечимине келди.