Кыргызстанда “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат

Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 18-февралдагы жыйынында “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү маселеси каралды.

Талкууланган мыйзам долбоору жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын массалык жокко чыгарылышын жана геологиялык чалгындоо жана өндүрүү иштеринин көлөмүнүн кескин кыскарышын болтурбоого багытталууда. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке түшүүчү кен казып алуу тармактарынан салык төлөмдөрүнүн төмөндөшүнө жол бербөөгө аракет жасалууда.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, кен иштетүүчүлөрдүн жоопкерчилиги, социалдык пакет маселеси, лицензия берүүнүн шарттары такталып, кен байлыктардын түрлөрү так, конкреттүү жазылган.

Талкууда депутаттар чалгындоо иштерин жүргүзүүдө социалдык пакет маселесин алып салуу, бирок кен иштетүүдө калтыруу керектигин айтышты. Мындай сунушка министр Сариев макул. 

Мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан