Асылбек Жээнбеков Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен миграция маселесин сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 18-февралда Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гюну кабыл алды. Жээнбеков Корея менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктардын бири экенин белгиледи. “Корея экономиканын жана парламентаризмдин өнүгүшү боюнча бай тажрыйбага ээ, көптөгөн мамлекеттерге үлгү болуп келет. Мындай ийгиликке корей эли өздөрүнүн эмгекчилдиги жана өз мекенине болгон бийик атуулдук сезимдери аркылуу жетишти. Биз Кореядан үйрөнүүчү жагдайлар бар”,- дейт төрага.

Элчи алдыда күтүлүп жаткан Кыргызстандын парламенттик делегациянын Кореядагы расмий иш сапары эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнүн пайдубалы болорун билдирди. Айтымында, Кыргызстандын жетекчилигинин Кореяга болгон иш сапары өз өлкөсү үчүн чоң кызыкчылык жаратат.

Тараптар соода-экономикалык мамилелерди жандандыруу, билим берүү жаатында кызматташтыкты күчөтүү, маданият жана миграция маселелерин да талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан