Жогорку Кеңеште 19-февралда Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү дирекциясы боюнча маселени кароо уланат

Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын отчётун кароону улантышат. Маселе өткөн аптада каралып, аягына чыкпай калган эле. 

Айта кетсек, аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган. Парламенттеги 5 фракциянын мүчөлөрү кирген депутаттык комиссия дирекциянын ишинде ири каржылык мыйзам бузуулар болгонун тастыктады. Жерлерди жасалма баалар менен кымбатка сатып алуу, үйлөрдүн сапатсыз курулушу сыяктуу дооматтар айтылууда. Айтылган дооматтарга Жантөрө Сатыбалдиев да, дирекцияны андан кийин жетектегендер да макул болбой жатышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан