Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-февралда "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" документке кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдын максаты - соода эрежелерине жана экономикалык ишмердүүлүк тармагындагы кылмыштарга шек келтирген администрациялык укук бузууларды эскертүү механизмин жогорулатуу болуп саналат.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн аралыгында күчүнө кирет.