18-февралда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 22-январында кабыл алынган мыйзамдын максаты - мал чарбасындагы асылдандыруу тармагын өнүктүрүүдөгү өкмөттүн ыйгарым укуктарын тактоо.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.