Кыргызстанда экстремисттик уюмдардын атрибуттарын пропагандалоого тыюу салынды

18-февралда президент Алмазбек Атамбаев “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 15-январында кабыл алган мыйзам экстремизмге каршылык көрсөтүү тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

Тактап айтканда, экстремисттик уюмдардын атрибуттарын же символикаларын пропагандалоого тыюу салынат жана аларды илимий максатта гана колдонууга жол берилмекчи.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан