Президент Алмазбек Атамбаев 18-февралда “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 15-январында кабыл алган мыйзам мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик жана укуктук актыларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жолу менен колдонуудагы ченемдик-укуктук базалардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
“КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө”, “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик-укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө”, “КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамдарына толуктоолор киргизилди.
Мыйзам жарыяланган күндөн 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 4-беренени кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.