Кечээ, 18-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кулатов кичи районундагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп-интернатынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар башчы интернаттагы балдардын жашоосу менен жакындан таанышып, түзүлгөн шарттарга оң баасын берди. Ошондой эле мэрия тараптан 5 даана жылыткыч тапшырып, Айтмамат Кадырбаев өзүнүн жеке резервдик фондунан 100 миң сом каражат болуп берерин айтты.