Жогорку Кеңештин
19-февралдагы жыйынында депутаттар Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра
иштетүүчү заводдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты. Депутат
Туратбек Мадылбеков:
“Жергиликтүү тургундар өкмөттүк комиссияга ишенбей
турганын айтышты. Комиссия түзүп, элге туура маалымат берип коёлу”,- деди.
Сунушту депутаттар Абдрахман Маматалиев, Айнуру Алтыбаева да колдоду.
Төрага Асылбек
Жээнбеков бул маселе боюнча комитеттен сунуш келиши керектигин билдирди.