Кечээ, 18-февралда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Эл аралык эне тил күнүнө карата жарыяланган жумалыктын алкагында китеп көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөгө кыргыз, орус, англис, түрк, кытай, иран, араб жана өзбек тилдериндеги китептер коюлуп, студенттердин кызыгуусун жаратты. Аталган иш-чара окуу жайдын китепканасы тарабынан уюштурулуп, жалпы жаштарды китеп окууга үндөө максатында кызыктуу китептерди окурмандарга тартуулады.
Көргөзмө төрт саатка созулуп, айрым китептер студенттерге арзан баада сатылды.