“Ооруканага барсам, дарыгерлердин баары башкы дарыгердин иш бөлмөсүндө экен. Комада жаткан аял менен эч кимдин иши жок. Жабыркады делген дарыгер жаткан бөлмөгө барсак, журналисттер, акыйкатчы ошол жерде отурушат. “Депутат дарыгерди сабап салды” деп ызы-чуу. Сурасам “саламаттыкты сактоо министри түнү менен уктатпай жатат, митингге чыгууну талап кылууда” дешти. Мунун артында саламаттыкты сактоо министри турат. Ал дарыгерлерден митингге чыгууну талап кылууда. Аталган министрликте баш аламандык, Динара Сагынбаеванын жоопкерчилигин караш керек”,- деди Сулайманов.