Бишкекте дарыгерлердин митингге чыгуу аракети болгону чын. Муну парламенттин 19-февралдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, дарыгерлердин нааразычылыгы 13-февралда Улуттук госпиталда болгон окуядан кийин пайда болду. “Митингге чыгабыз дешкен. Мен саламаттыкты сактоо министрине “дарыгерлердин митингге чыгышы туура эмес, чогулуп сүйлөшөлү” деп айткам. Министр аларды токтотуп турат”,- деди төрага.
Жыйында депутаттар дарыгерлердин митингге чыгышын министр Динара Сагынбаева талап кылып жатканын айтышты.
Эскерте кетсек, 13-февралда аталган ооруканада Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевдин келининин (инисинин аялы) комага түшүп калуусу боюнча ызы-чуу чыккан. Оорулууну караган дарыгерге аталган депутаттын кол көтөргөнү айтылган. Ал эми депутат дарыгерге кол көтөрбөгөнүн, дарыгер туура эмес диагноз коюп, келини комага түшүп калганын билдирген. Оорукчан аял 14-февралда көз жумду.