Алтынбек Сулайманов: “Саламаттыкты сактоо министрин эч ким иштен ала албайт, анткени КСДПнын кадры”

Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кесиптеши Алтынбек Сулаймановду абайлап сүйлөөгө чакырды. Сулайманов жыйында: “Саламаттыкты сактоо министрин эч ким иштен ала албайт, анткени КСДПнын кадры. Мисалы, Азиз Батукаевдин иши боюнча күнөөсү болсо да иштен алынган жок”,- деп билдирди.

Чыныбай Турсунбеков: “Негизсиз каралоону токтотолу. Күнөөсү болсо, министр жоопко тартылат. Министрдин ордун башкага алып бергиси келгендер да, тескерисинче, министрдин жакшы иштеп жатканын айткандар да бар. Эң башкысы, биздин фракция сүйлөбөй, иштеп жатат. Башкаларды да ушундай иштөөгө чакырам”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан