Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-февралда Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю менен жолугушуусунда “Кыргызстан менен Түштүк Кореянын товар алмашуусу 2013-жылы 11 ай ичинде 30 пайызга өстү” деп билдирди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. “Корея Республикасы экономикалык өсүш жана парламентаризмдеги тажрыйбасы менен көпчүлүк мамлекеттер үчүн үлгү боло алат. Корей элинин эмгекчилдиги, мекенине болгон патриоттуулугу ийгиликке жеткирди”,- деди төрага. Ошондой эле кыргыз тарап Кореянын өнүгүүдөгү тажрыйбасына кызыкдар экенин кошумчалады.