Сулайманов депутаттарды саламаттыкты сактоо министрине болушпоого чакырды.
Эскерте кетсек, 13-февралда аталган ооруканада Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевдин келининин (инисинин аялы) комага түшүп калуусу боюнча ызы-чуу чыккан. Оорулууну караган дарыгерге аталган депутаттын кол көтөргөнү айтылган. Ал эми депутат дарыгерге кол көтөрбөгөнүн, дарыгер туура эмес диагноз коюп, келини комага түшүп калганын билдирген. Бейтап 14-февралда көз жумду.