Асылбек Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад шаарларын өнүктүрүү дирекциясы боюнча Оштон келген тургундар ЖКнын жыйынына киргизилбей турганын айтты

Парламенттин 19-февралдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясы боюнча Жогорку Кеңешке келген Ош шаарынын тургундары жыйынга киргизилбей турганын айтты.

“Маселени өзүбүз эле чечебиз. Алар киришсе жарымы дирекцияны мактайт, жарымы жамандайт. Дирекциянын ишмердүүлүгүнө депутаттар өзүбүз гана баа берели”,- деди ал.

Буга чейин айрым депутаттар Оштон келген өкүлдөрдү жыйынга катыштырууну сунушташкан эле.

Айта кетсек, жыйында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишмердүүлүгү талкууланып жатат. Дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан