“Тазалык” жолдордун тазалыгы үчүн жооп берет. Ал эми Капиталдык курулуш башкармалыгы жол курат. Ошондо шаардын жолдорун ким көзөмөлдөйт?”- деп Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусуп Бошкоев шаар башкармалыгына суроо салды.
Буга Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшөнбиев: “Бүгүнкү күнү жолдорду эксплуатациялоочу атайын систем жок. 2012-жылы жолдорду караган башкармалык жабылган. Ошондон бери жолдор “Тазалыктын” балансына өткөн”,- деп жооп берди.