Бишкек шаарындагы ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүдө комплекстүү иштер аткарылбай келет. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда шаардык кеңештин кезектеги жыйынында депутат Рысбай Аматов билдирди.
Анын айтымында, жашылдандыруу иштеринде кемчиликтер бар. Совет убагындагыдай массалык ишембиликтер аткарылбай, жаңы отургузулган көчөттөр бат эле кургап калат.
Буга Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков: “Ирригациялык иштерди калыбына келтирүүгө 2014-жылы 11 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл да бул тармакта иштер жүрөт. Ал эми комплекстүү иштер боюнча карап чыгабыз”,- деди.