Баткен. Кутурма оорусуна шектелген адам көз жумду

Баткен облусунун Кадамжай районунда кутурма оорусуна шектелген адам 18-февраль күнү кечинде көз жумду. Анын анализдери Ош облусундагы Түштүк аймагы боюнча вирусологиялык лабораторияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, райондук ооруканага Кыргыз-Кыштак аймагында жашаган 1975-жылы туулган Н.А. тамакка табити жоголуп, суу иче албай калганын айтып кайрылган. Дарыгерлер андан кутурма оорусунун белгилери байкалгандыгына байланыштуу анализдер алынып, текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын маалымдаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан