Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 18-февралдагы жыйынында “Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмеси жөнүндөгү” маселени карады. Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиев баяндама жасады. Тизмеге деңиз деңгээлинен 2000 метр жана андан бийик жайгашкан калктуу конуштар киргизилет. Ошол тартипте аныкталган тизмеге Жалал-Абад облусунан 10, Ысык-Көл облусунан 53, Нарын облусунан 102, Ош облусунан 155, Баткен облусунан 10, Талас облусунан 3 айыл киргизилген. Бирок депутаттар тизмеге кирген айылдарды аныктоодо такталбаган суроолор бар экенин белгилеп, маселени дагы иликтөө тапшырмасын беришти. Бийик тоолуу шарттарда жайгашкан, ал жерлерде иштөө жеңилдетилген пенсиялык камсыздоого укук берүүчү калктуу конуштардын тизмеси кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүлдү.