Бүгүн, 19-февралдагы маалымат жыйынында КРнын Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев: “ИИМдин интернетти көзөмөлдөөчү атайын бөлүмү Кыргызстандын бүтүндүгүнө зыян келтирген 13 диний экстремисттик интернет булактарды жапты”,- деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда интернеттеги экстремизм күчөп жатат. Аны менен күрөшкөн атайын бөлүмдүн кызматкерлеринин санын көбөйтүү пландалууда.