Феромондуу желим кармагычтарын бак-дарактарга жайгаштыруу иштери 1-майдан тарта башталат

Бишкек шаарындагы жашыл массивди курт-кумурскалардан коргоо үчүн феромондуу желим кармагычтарын бак-дарактарга жайгаштыруу иштери 1-майдан тарта башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков бүгүн, 19-февралда шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы 1500 гектар бак-даракка желим кармагычтар жайгаштырылат. Ага 4 миллион сом каралган. Былтыр аба ырайы жаанчыл болгондуктан, жакшы натыйжа бербей калган. Мындан улам кармагычтарды жайгаштыруу иштери дагы кечеңдеген.

Эске сала кетсек, 2013-жылы 500 гектар бак-даракка 5 миң феромондуу желим кармагычтары чапталган.

Бишкекте бак-дарактар отургузулган аянттын жалпы көлөмү 4860 гектарды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан