Жантөрө Сатыбалдиев “мен убактылуу кызматтан кете турууга макул эмесмин” деди

“Өкмөт башчыны отставкага кетирүүгө депутаттардын укугу бар, кааласаңар кетиресиңер”,- деди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин 19-февралдагы жыйынында. Айтымында, өкмөт башчынын тергөө иштери бүткүчө кызматтан четтей турушу туура эмес. “Чарбалык жумушту саясатка аралаштырбасак. Өкмөт башчынын 1 күнү да маанилүү, жакшылап ойлонуп туруп чечим кабыл алуу керек. Маалыматым бар, мага ишеним көрсөтпөө боюнча депутаттар кол топтоп жатышат. Өкмөттү отставкага кетирүүгө укугуңар бар”,- деди Сатыбалдиев.

Жыйында депутат Чолпон Султанбекова “Башка өлкөлөрдө тергөө иштери бүткүчө премьер-министри кызматтан убактылуу четтей турат. Сиз эмне үчүн мындай кадамга барууга макул болбой жатасыз?” деп суроо берген эле.

Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан