Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы класстык чини бар кызматкерлер айлыгына кошумча акча алышкан. Муну бүгүн, 19-февралда парламент жыйынында депутат, аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Нарынбек Молдобаев айтты. Муну өкмөт башчы моюнга алды. "Ооба, ошондой болгон. Бирок дирекцияда класстык чини бар жалгыз гана Жантөрө Сатыбалдиев болчу",- деди өкмөт башчы. Жантөрө Сатыбалдиев Ош окуясынан кийинки оор шартта иштегени үчүн дирекциянын кызматкерлеринин айлыгын жогору кылууга туура келген.
Айта кетсек, парламентте Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын иши каралууда. Аны убагында Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.